Пандемиядан улам көпчүлүк айымдар чачын шампунь менен жууганды токтотуп, ун жана кургак суу менен жууганга өтүшкөн челлендж социалдык тармактарда тарады. Бул челлендж шампуньду үнөмдөө үчүн эмес, баш терини шампуньдун курамындагы ар кандай химиялык заттардан эс алдыруу максатта уланууда. Дерматологдун айтымында кандайдыр бир деңгээлде айымдардын бул кадамы баш терини эс алдырат. Шампуньдун таасиринен пайда болгон какачтардан арылтат. Бирок бир эске алчу жагдай, чачты жөнөкөй натуралдык каражаттар менен жууп кайра шампуньга өткөндө баш териси мурунку абалга келип, тери кургак болуп калат.