“Салам Медиа” радиосунун жетекчиси, журналист Улукбү Амирова Баткен облусундагы “Салам Медиа” радиосунун жетекчиси, журналист Улукбү Амирова узак оорудан каза болду. Бул тууралуу бүгүн маркумдун кесиптештири билдирди. Алардын берген маалыматында кечээ, 17-майда ооз ачаардан кийин кан басымы көтөрүлүп, абалы оорлошуп бүгүн бул дүйнө менен кош айтышты. Маркумдун артында 1 уул, 2 кызы калды.

Кадам медиа.кж сайты кесиптешибиздин жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.