Кытай эки жылдын ичинде коронавирустан жабыркаган өлкөлөргө 2 млрд. долллар өлчөмүндө жардам берет. Бул тууралуу КЭР төрагасы Си Цзиньпин Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын ар жылы өтүүчү ачык 73-сессиясында айтып чыкты. 

 «COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдөгү эл аралык кызматташтыкты жөнгө салуу максатында  жана жабыркаган, айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө  Кытай коронавирус менен күрөшүү үчүн кийинки эки жыл аралыгында 2 млрд. доллар өлчөмүндө жардам берет. Айрым маалымат булактары айтып жаткандай Кытай бул ооруну жашырган эмес жана ал тууралуу ДССУга өз учурунда маалымат берген», –дейт өз сөзүндө Си Цзиньпин.

Белгилей кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп Кытайга соода-экономикалык өңүттөгү согуш жарыялай тургандыгын айтып коркутуп келет. АКШдагы адамдардын массалык түрдө каза болушун Пекиндин моюнуна жүктөө шайлоо алдында Трамптын упай топтоосуна шарт түзүп гана тим болбостон, КЭРге карата экономикалык кысым жасоого жаңы рычак болуп берет.