Тажик улутунан чыккан жана Оксфорд университетинин бүтүрүүчүсү, химиялык биология тармагындагы илимдердин доктору Бобожан Назаров COVID-19 илдетине каршы камостат жана нафамостат деген  эки препаратты  коронавируска каршы тестирлөөгө киришкен. Буга чейин панкреатит оорусун дарылоо үчүн колдонулуп келген бул препараттар коронавирустун адам организиминдеги клеткаларга кирип кетүүсүн алдын алары белгилүү болду.

Latus Therapeutics биотех-компаниянын негиздөөчүүсү жана башчысы Назаровдун айтуусу боюнча ага коронавирус дүйнө жүзүнө жайыла баштаганда эле COVID-19 вирусуна каршы натыйжалуу дары табуу тууралуу ой келген.

Мындан сырткары, ал жаңы препаратты ойлоп табуу үчүн узак убакыт талап кылынгандыктан мурда колдонулуп келген дары каражаттарына кайрылууга туура келгендигин кошумчалаган.