Түркияда акыркы сутка ичинде коронавирустан жабыркагандардын саны 1158 учурга көбөйүп, жалпы жуктуруп алгандардын саны 150 миңден ашты. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджа билдирген.

«Бүгүн 1158 жаңы учур катталды жана бардыгы болуп 150 593 адам бул оорудан жабыркаган. Бүгүн биз тилекке каршы  31 жараныбызды жоготтук,  бул илдетке байланыштуу каза болгондордун жалпы саны – 4171 адамды түздү», -деп жазып калтырган Коджа өз Twitter баракчасына.