АКШнын мурдагы вице-президенти Жозеф Байден президенттик шайлоолордо жеңишке жетишип кала турган болсо, Америка мамлекетинин азыркы башчысы Дональд Трампты буга чейинки кылмыштары үчүн кечирбей тургандыгын айткан.

Шайлоочулардын биринин «Эгерде шайлоодо жеңе турган болсом Трампты кечирбейм!» — деп убада бере аласызбы деген суроосуна Байден ишенимдүү түрдө «Ооба» — деп жооп узатып, АКШ башкы прокурору элдин кызыкчылыгын коргой тургандыгын жана ал «Президенттин жеке адвокаты эметигин» баса белгилеген.

Белгилей кетсек, Жо Байден вице-президент болуп турганында анын үй-бүлөсү миллиарддаган долларга ээ болгон. Буга Жо Байдендин уулу Хантер Байден украиналык газ өндүрүүчү Burisma Holding компаниясынын директорлор кеңешине мүчө болуусу себеп болгон.

Сентябрь айында АКШ Конгрессиндеги демократтар «Хантер Байденге каршы тергөө иштерин баштоого Украинаны тукурган» деген божомолдор менен Трампка импичмент жарыялоо процедурасын башташкан. 

Бирок, республикалчылдар көпчүлүк бөлүгүн түзгөн сенат үстүбүздөгү жылдын 5-февралында Трампты актап жиберген.