Кыргызстандыктар алдыдагы 23, 24, 25-май күндөрү үч күн бою эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмут Ойтемиров билдирди.

“Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, мусулмандардын Орозо жана Курман айт майрамдары, 7-январь — Православдардын Рождество майрамы дем алыш күнгө туш келип калса, ал майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат”, — деди Ойтемиров.

Бул беш күндүк иш тартибинде иштеген мекемелерге тиешелүү. Ал эми алты күндүк иш тартибинде иштегендерди жетекчилиги шартка ылайык эс алдыруу жолдорун карашат.

Эске салсак, келе жаткан жекшемби, 24-май күнү, Орозо айт майрамы болуп белгиленди.