20-майда Россиянын Оренбургундагы кыргыз мигранттары алып келинет

385

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 20-майда Оренбург — Бишкек багыты боюнча чартердик каттам уюштуруу маселеси чечилди. 

Бул авиакаттам президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткарууда Россия жана Кыргызстандын тышкы саясат сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашканы белгиленет.

“Мекендештерди алып келүүдө кош бойлуу аялдарга, улгайган адамдарга, жаш балдары бар ата-энелерге жана Россиянын медициналык мекемелеринде дарылануудан өткөндөргө артыкчылык берилет”, — деп айтылат маалыматта.

ТИМ чет мамлекеттерде, анын ичинде Россияда жүргөн кыргызстандыктарды мекенине алып келүү иштери мындан ары да улантыларын убадалады.