Трамптын жеке дарылоочу врачы Шон Конлинин айтуусуна караганда АКШ президенти коронавирус менен байланышкан тобокелдиктердин алдын алуу үчүн  безгекке каршы (малярия) гидроксихлорохин препараттын кабыл алууда.

Эске сала кетсек, буга чейин президенттин административдик аппаратында иштеген кызматкелердин биринен COVID-19 вирусу аныкталгандыгы тууралуу маалымат айтылган.

Белгилей кетчү нерсе, буга чейин Дональд Трамптын өзү акыркы күндөрү жеке коопсуздугу үчүн безгекке каршы (малярия) гидроксихлорохин препараттын кабыл алып жаткандыгын жана аны коронавируска каршы колдонуу тууралуу сунушун айткан.