Кечээ, 18-майда Кытайдын Израилдеги элчиси каза болгонун чет элдик маалымат булактары жазып чыккан.» Вести Израиль» басылмасы Элчи уйктап жатканда жүрөгү токтоп калган деген маалымат таратты. Элчинин денесин Герцлии резиденциясынын кызматкерлери табышкан.

Алардын айтымында, элчи эрте мененки тамактанууга келген эмес. Кызматкерлер анын бөлмөсүнө көтөрүлүп эшигин такылдаткан, жооп болбогон соң ачып киришкен. Ду Вей өз керебетинде кыймылсыз жатканын көрүшкөн.

Резиденция кызматкерлери тийиштүү органдарды чакырышкан . Эксперттер 58 жаштагы элчинин өлүмү уйктап жаткан кезде күтүүсүздөн жүрөгү токтоп калган деген диагноз коюшкан.