Өкмөттүн аппаратынан маалымдашкандай, Иран Ислам Республикасынын Мешхед шаарынан Борбор калаага чартердик аба каттамы менен мекендештер жана гуманитардык жардам келди.

Гуманитардык жүктү берүү расмий салтанаты «Манас» эл аралык аэропортунда транспорт жана жолдор министри – өкмөттөр аралык эки жактуу комиссиянын кыргыз тарабынын тең төрагасы Жанат Бейшеновдун жана Кыргызстандагы Ирандын элчиси Саид Харазинин катышуусунда өткөн.

Маалыматта айтылгандай, берилген гуманитардык жардам жеке коргонуу каражаттарынан (беткап, кол кап, кийим, коргоочу көз айнек), дары-дармектерден турат. Өз кезегинде, Кыргыз өкмөтү өлкөдө коронавирус эпидемиясын жеңүүгө өбөлгө түзө турган гуманитардык жардам үчүн Иран тарапка ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка ишеним көрсөттү, деп айтылат маалыматта.