Америкалык актёр Грегори Тайри Бойс 30 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралуу Variety басылмасы жазып чыккан.

Актёр 13-майда эле каза болгондугуна карабастан коомчулук бул тууралуу азыр гана билип жатат жана бул маалыматты Кларк округунун (Невда штаты) соттук-медициналык экспертиза кызматы расмий билдирген.

Америкалык E! Телеканалынын билдирүүсү боюнча Бойс менен анын 27 жаштагы сүйлөшкөн кызынын жансыз денелери Лас-Вегастагы өз квартирасынан табылган. Булардын өлүмүнө эмне себеп болгондугу азырынча иликтенүүдө.

Белгилей кетсек, Бойс «Сумерки» көркөм тасмасындагы эпизоддук ролдон улам белгилүү болуп чыга келген. Мындан сырткары ал «Апокалипсис» аттуу кыска метраждуу көркөм тасмада дагы тартылууга жетишкен.