Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди. Ал эми стационарлардан 7 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 257 учур катталды, алардын ичинен 219 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 2211

➡ COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6164 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
➡ Кыргызстан боюнча обсервацияда 2153 адам жатат.