Республикалык штабдын планы боюнча, 21-майдан тарта соода тармагы жанданып, соода борборлору иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, өлкөдө эпидемиялык абал турукташып калганда, 21-майдан тарта калкты тейлөө борборлору, мончо, СПА-салон, репетитор жана тиричилик кызматын көрсөткөндөрдүн иши жанданат.

«Соода борборлору жумушту баштоого даярдык көрүп жатышат. Айрымдары коронавирустан коргонууга жоопкерчиликтүү мамиле жасап, кызматкерлери жана коноктор үчүн атайын эрежелерди иштеп чыгышкан», — деп айтылат маалыматта. Мэрия калаа тургундарына санитардык талаптарды аткарып, тез-тезден колду жууп туруу керек экенин эскертти.