Коомчулукту дүрбөлөӊгө салып, ар кимдин байлыгын текшерип, басып алабыз дегендер өздөрү бай болуп чыга баштады. Көӊүл чордонундагы Сыймык Жапыкеев жана анын туугандары алгач бизнести бир эмес бир нече сауна иштетүү менен башташкан. Борбор калаадагы Чапаев көчөсүндөгү (азыркы Эркинбек Матыев көчөсү) бир канча саунага ээлик кылышып, кийин ал жерге борбор боюнча эӊ кымбат жана престиждүү «Салтанат Палес» ресторан тойканасын курушкан.

Рынок баасы азыр турушу 5 миллион доллар. Ички тышкы жасалгасы атайын Кытайдан алып келинилген кымбат материалдар менен шөкөттөлгөн. Ал эми эки жыл мурун дал ошол жерге эле жанаша «Бермет Палес» ресторан тойканасын курушту. Ички жасалгасы көз жоосун алат. Атайын каражаттар колдонулган. Казакстандын Алматы шаарында курулушта жүргөн кыргыз уста балдарды атайын чакыртып жасалгалашкан.

Бүгүнкү күндөгү рынок баасы 8 миллион доллар тегерегинде. Ал эми анын жанында жайгашкан сауналары менен кошкондо жалпы Жапыкеевдердин байлыгы 15 миллион долларга барат. Ошол эле учурда бир тууган Акжолтоевдер жана Жапкеевдер өмүр бою прокуратура, бажы кызматында иштешсе агасы Жогорку Кеӊеште эмгектенген. Мамлекеттик кызматта жүрүп байыгандар мына ушулар!