«Чоӊ Казат» саясий кыймылынын негизги идеологу Максат Мамытканов учурунда УКМКда экономикалык кылмыштар боюнча бөлүмдө иштеген. Акаев доорунда иштеп жүрүп, Бакиев келгенде ишин таштап баса берген.

Айрым маалыматтар боюнча шаарда комерциялык түйүндөрү бар. Ал эми Максат Мамытканов мырза өзү туулуп өскөн Ысык Көл районунун Чоӊ Сары ой айылында кол жээгинде бир гектар жерге вип шаарча куруп жатат. Ал жер мурда бак шактуу жер болуп, көлдүн экологиясын сактап турган жер эле. Азыр ал жерди (Чон Сары Ой айылындагы 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун урматына салынган эстеликтин астында) менчиктеп алып, вип чаарчаны кайсы каражатына салып жатканы табышмак.

Мыйзам боюнча көл жээгине саркындылар акпаш үчүн коттедждер 300 метр алыстыкта жайгашыш керек болсо, Мамыткановдун салып жаткан курулушу дал көлдүн жээгинде.