АКШдан грин-карта, виза жана жарандык сурагандардын саны кескин азайып, өлкөнүн Жарандык жана иммиграция кызматы акчасыз калуу коркунучуна кептелди. Бул тууралуу New York Times басылмасы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, виза, жарандык жана башка уруксат кагаздарын сурап кайрылгандардан түшкөн төлөмдөрдүн эсебинен жашаган бул кызмат жай айларына барып каражаты жок каларын жар салды.

«COVID-19 пандемиясына байланыштуу грин-карта, виза жана башка документтерди сурап кайрылгандар жок, киреше азайды. Демек, баалар көтөрүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары Конгресс бөлчү 1,2 миллиард доллар жок болсо, мекеме бир нече ай иштебей калышы мүмкүн», — деп айтылат кабарда.

Эске салсак, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Америкада туруктуу жашоого уруксат берген документти (грин-карта) чет элдиктерге берүүсүн токтотконун билдирген эле.