Нарын облусунда катталган таажы инфекциянын 11 жаңы учурунун сегизи укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда аймакта Ички иштер министрлигинин текшерүүсү жүрүп жатат.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча сегиз оорулуу аныкталды. Алардын бардыгы дарыланып жатышат, алардын баары көзөмөлдө », — деди ал. Нурболот Үсөнбаев ошондой эле, борбордогу алты ооруу жуктургандарды ичинен эки медайымдан COVID-19 тастыкталганын белгиледи.