АКШнын президенти Дональд Трамп брифинг учурунда оору жугузуп албоо үчүн гидроксихлорохин ичип жатканын айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Адистердин айтымында аталган дары ден соолука зыян алып келиши мүмкүн.

Ал дарыны волчанка жана безгек ооруларын дарылоодо колдонушат. Ал эми Трамп, «Мен бир жарым аптадан бери ичип жатам. Азыр болсо силердин жаныңарда турам», — деп билдирген. Аталган дары коронавирусту жуктуруп албоого жардам берет деген эч кандай далилдер жок.

Маалым болгондой, учурда клиникалык сынактар АКШ, Улуу Британия, Испания жана Кытайда өтүп жатат. Эске салсак буга чейин, Трамп дарыгерлерге кайрылып, вирустан арылуу үчүн, химиялык тазалоочу каражаттарды ичип же ийне сайып көрүүнү сунуштаган. Өз кезегинде адистер бул химиялык заттар ден-соолукка олуттуу зыян алып келээрин айтышкан.