Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга ылдыйлатуу сунушталган долбоорду карап жатат. Аны депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев иштеп чыккан.

Белгилүү болгондой, 14-майдагы сессияда шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан көпчүлүк добуш менен өткөн. Бирок чекти жети эмес, беш пайызга түшүрүүнү сунуштаган дагы бир долбоордун демилгечилеринин бири Исхак Масалиев «биз бул мыйзам долбоорун 6-декабрда бергенбиз, сиз аны 20 күндөн кийин гана тийиштүү комитетке жөнөттүңүз.

Ал эми жети пайызга түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун сиз үч күндө комитетке жибердиңиз. Эмне үчүн андай эки башка мамиле жасалды?» деп спикерге нааразылык билдирген. Эки мыйзамды бириктирип кароо тууралуу сунуш да өтпөй калганына нааразы болушкан. 14-майда биринчи окуудан өткөн документ «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору деп аталат.

Биринчи окуудан кийин ал экинчи жана үчүнчү окууга киргизилиши керек. Демилгечи депутаттар аны 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген шайлоого чейин кабыл алууга үлгүрүш керектигин айтышкан.