Шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоору колдоо таппады

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңешдин депутаттары шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга ылдыйлатуу сунушталган долбоорду карады. Аны депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев иштеп чыккан.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин депутаттар бул мыйзам долбоорун четке какты. 2 депутат “макул” 12 эл өкүлү “каршы” деп добуш берди.

Буга чейин демилгечи депутаттар аталган мыйзам долбоорду 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген шайлоого чейин кабыл алууга үлгүрүш керектигин айтышкан.