Коом

Соль-Илецк шаарынан келгендер обсервацияга жаткырылган

18-май күнү Россия Федерациясынын Соль-Илецк шаарынан келгендерин арасында түшүнбөстүктөр чыккан. Биз “Семетей” обсервациясына барып, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Мындай пикирин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, азыр обсервацияд штаттык режимде ишин улантты. Алгоритмге ылайык, Республикалык штаб ооруп жаткандар менен байланышта болгон 19 жаранды обсервацияда калтыруу чечимин чыккан.

«Кайталоо анализи терс жыйынтык берген жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып чыккан жарандар үй карантинине чыгарылды. Бул жарандарга анкета толтурулуп, үй карантинин сактоо милдеттенмесине кол коюшту, ошондой эле кайсы жерде жүргөндүгүн көзөмөлдөө үчүн мобилдик тиркеме орнотулду. Бардык маалыматтар жер-жерлердеги медициналык мекемелерге жана ички иштер башкармалыгына жиберилди”, — деди Үсөнбаев.

Кечээ күнү Бишкек жана Чүй облусунда жашаган жарандар үй карантинине чыгарылды. Бүгүнтөн баштап калган жарандар башка региондорго жөнөтүлүшөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button