18-май күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө өткөрүлгөн брифингде ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов азыркы учурдагы өзгөчө кырдаал маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого жана коронавирус илдетин алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле, жалпыга маалымдоо каражаттарынын башка дагы суроолоруна жооп берди. Мыйзамсыз иштеп жаткан соода-сатык, оюн-зок борборлору жана түнкү клубтары боюнча, азыркы учурда өлкөдөгү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучуна байланыштуу булардын ишмердүүлүгү убактылуу чектелген. Министрдин орун басары: бүгүнкү күндө, жогоруда көрсөтүлгөн мекемелердин бардыгы жабык – деп белгиледи.

Иштөөгө чектөө коюлган, түнкү клубтардын жана башка мекемелердин кээ бири коюлган талаптарга карабастан Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталган, бул боюнча мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартыла тургандыгын билдирди. Министрдин орун басары Мирлан Каниметов брифингте үй карантинин бузгандардын, анын ичинде санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуп, кокустан адамдардын массалык түрдө ооруп калышына жана маалыматтарды жашырып же бурмалап, жыйынтыгында адамдарга коопту жагдай жараткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылгандардын санын маалымдады.

Мынданы тышкары, Мирлан Каниметов ички иштер органдары тарабынан өзгөчө кырдаал тартиби учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоого жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сакталышын көзөмөлдөөгө тиешелүү бардык чаралар көрүлүп жаткандыгын белгиледи. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында коронавирус илдети аныкталган кээ бир жарандар, көп сандагы жарандар менен катташкан. Бүгүнкү күндө, үй карантинде жаткан жарандардын жалпы саны 28 миң 592ни түзөт. Бирок, коюлган чектөөлөрдү жана талаптарды бузуп, өзүнүн гана эмес, жакындарынын да ден-соолугуна коркунуч жараткандар кездешет.

Министрдин орун басары, мындай санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандар мыйзамдарга ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла тургандыгы белгиледи.

Алсак, үй карантиндин талаптарын бузгандыгы үчүн 65 жаран жоопкерчиликке тартылган, алардын ичинен:

— Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-1-беренеси боюнча “Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу”, 16 жаран жоопкерчиликке тартылган.

— Жоруктар жөнүдө кодексинин 119-1-беренеси боюнча “Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режиминин талаптарын бузуу”, 2 жаран жоопкерчиликке тартылган.

-36 жаранга карата Бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу), протоколдор түзүлүп, 2-категориядагы айып салынды (30 эсептик көрсөткүч).

-11 жаран кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууда. 10 жаранга карата Жазык кодексинин 280-беренеси боюнча (280-берене. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) жана 1 жаранга карата 281-беренеси боюнча (Адамдар үчүн коркунуч жараткан жагдайлар тууралуу маалыматты жашыруу же бурмалоо) сотко чейинки өндүрүштөр жүргүзүлүүдө. Бул беренелерди бузгандыгы үчүн — VI категориядыгы айып жана II категориядагы эркиндигинен ажыратуу каралган.