Атам аскер кызматкери эле. Түптүз жүргөн, сүрдүү, бою узун бир сүйлөгөн киши эле. Апам сулуу аял. Биз үйдө беш кызбыз, эркек жок. Мен үйдүн эркеси элем. Атам айтканымды орундатаар эле. Эжелерим кызганып эле жатып калчу. Атам баарыбызды окутту. Турмушка узатты. Үйдө жалгыз мен калган элем, турмушка чыга элек. Мезгил келип мен да үйдөн узадым. Атам-апам жалгыз калбасын деп, эжелеримдин балдары кезектешип келип карашып турду. Баары акырындык менен өз нугунда өтүп жатты. Атам пенсияга чыгып, неберелери менен убакыт өткөрүп жүрдү.

Күндөрдүн биринде мени өзүнө чакырып, кызым сенин мүнөзүң, келбетиң өзүмө окшош. Менин эч кимге айтпаган, эч ким билбеген бир сырым бар. Мен картайып баратам. Сага ишенген үчүн айтып жатам деди. Унчукпай угуп отурам. Атам адатынча тамагын түздөп . Кызым сенин бир иниң бар. Ал азыр тогузунчу класста окуйт. Кокус менин көзүм өтсө сен барып кабар алып тур. Апаң билбейт, сенден суранам бул сырды ал билбесин. Мен аны аябай сыйлайм, жакшы көрөм апаңды. Бул жаңылыкты ал көтөрө албайт. Жашыбыз бир топко барып калды деди. Мен мындайды күтпөгөн элем. Атам ошондо өмүрдөн өтөөрүн сезсе керек. Ойлонуп көпкө жүрдүм. Апамды аяп карайм, шек алдырбайм, жада калса жолдошума айталбайм.

Көп өтпөй атам каза болду. Кыркылыгын өткөрүп, чоң эжемди алып, атам айткан дарекке жол алдык. Эжем эч нерседен кабары жок. Кайда баратабыз деп сурап коёт. Ошентип, атам айткан айылга келип, жашыл дарбазага токтодум. Арыктан чакага суу көтөрүп, 14-15 жаштагы бала келе жатты бизди көздөй. Эжем ошол жерден, карасаң бул бала атамдын эле көчүрмөсү экен деди. Мен көргөн көзүмө ишенбейм, колдорум рулга катып калган. Бир саамга карап туруп, эжем экөөбүз машинадан атып түштүк. Баланын жанына келип атын сурадык. Нурбол деди. Ал да бизди таң кала карап турду. Көздөрү кудум атамдын көздөрүндөй. Ал жай сурашып. Апасы кайда экенин сурадык. Атамдын каза болгонун угуп үйдө жатат деди. Үйгө кирип төшөктө жаткан сулуу орто жаштагы айымды көрдүк. Бизди көрүп өйдө турду да тигиле карап келдиңерби деди. Атам биз тууралуу көп айтчу экен. Атаңар жакшы киши эле, бизди эч нерседен кем кылбай карады.

Нурболдун окуусуна деп банкка акча салган. Эгер бир тууган болуп катышып турсаңар мен каршы эмесмин деди. Нурболду көрүп атабыздын туягы улаанарына кубанып жолго чыктык. Карашып туралы, өзүбүз үйлөнтүп алабыз деп жол катар план түзүп эжем экөөбүз, апамды эстеп тык токтодук. Тормозду катуу тээп жулкунуп барып машина токтоду. Эмне кылалы, азыр атамдын кайгысын унутканча айтпай туралы деп чечтик. Үйгө келсек апам бизди тосуп чыкты. Отуруп чай ичтик.

Бир кезде апам иниңер кандай экен деди. Эжем экөөбүз тикенеке отуруп алгандай болуп, билмексенге салып, кайсы иним эмнени айтып жатасыз дедик шек алдырбай. Апам мен билгем баарын. Атаң экөөбүздүн ортобузда ыйык мамилени сыйлап унчукпай жүрдүм. Анын үстүнө мен эркек төрөбөдүм. Атаңардын артында бир эркек калды эң башкысы деп көзүнө жаш алды. Ошол кезде эжем экөөбүз ата-энебиздин бири-бирине болгон мамилелерин көрүп ушунчалык баа бердик.

Карачы кандай бири-бирин аяп турат. Байкушум апам билсе да унчукпай, тилин тишине катып жүргөн экен. Атамчы, атам болсо апамды аяп айталбай, ал билбейт деп жүрүп дүйнө салды. Балким үй бүлө деген ушундай бири кылганды экинчиси жаап жашырганда бекем болобу деп ойлоп калдым.

Булак: Kadam-media.kg