Буга чейин Кытай коронавирустан жабыркаган өлкөлөргө эки жыл ичинде жардам иретинде 2 млрд. АКШ долларын бөлөрүн билдиргендиги тууралуу жазган элек. Кытайдын бул өңдүү билдирүүсү АКШ бийлигин кыжырдантты. Себеби, АКШ аталган сумманы өтө эле кичинекей деп эсептейт.

Ак үй алдындагы Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жон Эллиот: «Кытай оорунун дүйнө жүзүнө таралып кеткендиги үчүн жооп берүүсү керек жана төлөнүүчү сумма мындан алда канча көп болуусу керектигин» айтып чыкты.

Эллиоттун айтуусу боюнча КЭР төрагасы Си Цзиньпин 2 млрд. доллар тууралуу билдирүү менен «өз милдетин так аткарбагындыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керектиги тууралуу» талап коюп жаткан дүйнө өлкөлөрүнүн назарын башка жакка бургусу келип жаткандай.