Саясый серепчи Табылды Акеров мындай пикирин жергиликтүү теле каналдардын биринде түз эфирде туруп айтты:

“Сыймык Жапыкеевдин билдирүүсүн көрүп абдан таң калдым. Себеби  ал Конституцияга каршы сүйлөп жатат. Ал  коррупцияны жок кылабыз, анын жолу бар. Он миң кишини чогултуп  Жумалиевди жана мамлекеттик приватизацияга катышкан адамдардын баарын коркутуп, басым менен кайрып алып тышкы карызды ошол менен кутулабыз. Коррупция токтойт деп жөнөкөй элди өзүнө тартып көрүнүп турат. Саясый технология менен сүйлөөдө. Кыргызстандын өнүгүү стратегиясына дагы туура келбеген нерсени жасап жатышат. Мунун арты жарандык согушка алып келиши мүмкүн” — дейт ал.