Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкерлери жана курсанттары Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыктарына бөлүнүп, коронавирус илдетин жайылтпоо максатында алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Күн сайын Бишкек шаарында жайгашкан коомдук жайларда патрулда жүрүп, шаар тургундарына чектөө чараларын сактоо керектигин эскертип, мүмкүн болушунча жашаган жеринен чыкпоого үгүттөп, зарыл муктаждык жаралганда гана жеке коргонуу каражаттарын колдонуп, социалдык аралыкты сактоо менен көчөгө чыгуусун суранып келишүүдө. Ошондой эле шаар тургундарынан өздөрүнүн, улгайып калган туугандарынын жана жаш балдарынын ден соолугуна көнүл буруүсүн суранып, жугуштуу илдеттен коргонуу чаралары жөнүндө айтып беришүүдө.

ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы