Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин билдирүүсүн төгүндөгөн маалымат таратты. Ага ылайык, адвокат элди адаштырып жатканы, «Альфанын» кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн толук жеткирбегени, тергөөдө офицер Үсөнбек Ниязбековду өлтүрүүгө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жансакчысы Канат Сагымбаевдин тиешеси бар экени аныкталганы айтылат: «Тергөө учурунда Ниязбековго кайсы куралдан ок тийгени так аныкталды. Экспертиза ок кирген жана чыккан жерде 7.62 мм калибрдеги октун орду калганын, Ниязбековдун кийиминде калган коргошун ошол ок Атамбаевге таандык СВД куралынан атылганын көрсөтүп турарын далилдеди».

Ошону менен бирге, башкы прокуратура адвокат Жоошев сотко чейинки териштирүү учурундагы маалыматты жарыялоого укугу жок болгонун, ал соттук изилдөөгө алына элек маалыттарды жайылтканын да эскертти.