Обсервациялык жайларда тийиштүү тартип орнотулуп, жарандардын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоосу катуу көзөмөлгө алынууга тийиш. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Өкмөттөн кабарлашкандай, Боронов «Сейтек» обсерваторунда кечээ, 18-майда болуп өткөн жагдай кайталанбашы керектигин баса белгилеп, Саламаттык сактоо министрлигине жана Ички иштер министрлигине тиешелүү тапшырмаларды берди.

«Обсервациялык жайлар – бул ээн эркин сейилдечү жана көп санда адамдар топтоло турган жер эмес. Аларда тиешелүү тартип болушу керек, өздүк коопсуздук жана инфекцияны жуктуруу тобокелдигин жокко чыгаруу үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелер кынтыксыз аткарылышы шарт. Муну обсерватордогу жарандар эсинен чыгарбашы керек. Обсервация кызматкерлери биринчи кезекте жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кандайдыр бир түшүнбөстүктөргө жол бербеши керек. Мезгил-мезгили менен өлкөгө мекендештерибиз алынып келинет, ошондуктан келген өлкөсүндөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен текшерүү алгоритмдери так жана кандайдыр бир талаштуу учурларсыз аткарылышы зарыл», — деди Кубатбек Боронов. 

Жыйындын соңунда жергиликтүү бийлик органдарына жана мамлекеттик органдарга обсервациялык орундарды даярдоо, жүк ташуучулардын кыймылын көзөмөлдөө, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн объектилердеги санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлгө алуу тапшырылды. 

Булак: Медиацентр