Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы алтынчы депутатынан өпкөнү сезгенткен коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу парламент спикеринин кеңешчиси Анастасия Кашеварова билдирди. Бирок ал COVID-19 илдетине чалдыккан эл өкүлдөрүнүн аты-жөнүн так атаган жок. «Учурда Мамлекеттик Думанын алты депутатынын анализинен коронавирус табылды. Эки депутат айыгып чыкты. Экөө ооруканада жатат. Дагы экөө үй шартында дарыланууда», — деп жазды Кашеварова «Телеграмдагы» баракчасына.

Буга чейин, Мамдуманын спикери Вячеслав Володин орус парламентинин төмөнкү палатасында беш эл өкүлү коронавирусту жугузуп алганын билдирген. Белгилүү болгондой, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, курулуш министри Владимир Якушев жана маданият министри Ольга Любимова COVID-19га кабылганы ырасталган.