Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Орозо айтты чоң компанияларда чогулуп, жамааттык түрдө намазга жыгылуудан убактылуу баш тартуу өтүнүчү менен мусулмандарга кайрылды.

 «Мен мусулмандардын бул майрамга канчалык маани беришээрин жакшы билем. Албетте, каада-салтты дагы сактоо зарыл. Ошону менен катар эле дин өкүлдөрү  исламды туу тутуп келе жатышкандарга азырынча майрамды үйдөн тосууга чакыруу жасап келе жатышкандыктарынан дагы кабарым бар. Мен дагы алар менен  бирге эле  бул жолу мусулмандарды Орозо айтты ар кимиси өз үйүндө майрамдоого чакырат элем»-деди Владимир Путин өз сөзүндө.

Муну менен катар эле В. Путин анын өтүнүчү туура кабыл алынаарына ишене тургандыгын, мунун бардыгы дүйнө коомчулугуна жакшы белгилүү коронавирус илдетинен улам, аргасыз кабыл алынып жаткан чаралар экендигин белгилеп өткөн.