Коом
Бишкектеги ири базарлар 25-майдан тарта ишке кирет
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 25-майдан тарта иштей баштачу ишкана, мекемелерди брифинг учурунда тизмектеди.
Анын айтымында, 25-майда өлкөдөгү ири базарлар, анын ичинде «Дордой», «Орто-Сай», «Ош» «Кара-Суу» базарлары иштей баштайт. Мындан сырткары, 50 орундан ашпаган коомдук тамактануу жайлары, театр, музей, китепкана сыяктуу маданий агартуу жайларынын иши да бул күндөрү жанданат.
Шаар ичиндеги коомдук транспорт да 25-майдан тарта эл ташый баштайт.