КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыздын мыкты акындарынын бири, белгилүү журналист Зайырбек Ажыматовдун ысымы өзү туулуп, өскөн Жалал-Абад облусунуна караштуу Аксы районунда жайгашкан Ак Жол айылындагы маданият үйүнө берилди. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Жеңиш Азимбеков жазып чыкты.
“Бүгүн Ак-Жол айылдык кеңешинин чечими менен акын Зайырбек Ажыматовдун ысымы Ак-Жол маданият үйүнө ыйгарылды” дейт Азимбеков.
Булак: Фабула сайты