Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндө мөмө-жемиштер толук бышып бүттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Өрүк-Зар айылынын тургуну Базарбай Азамидин уулу билдири.

Ак-Турпак, Ак-Тилек, Жаш-Тилек, Кайтмас айылдарында гилас бышты. Учурда эрте бышкан өрүктөр дагы бышып, ички базарларга сатыкка чыкты. Базарбай Азамидин уулунун үйүнөн кардарлар өрүктү 40-50 сомдон (1 кг) сатып алып жатышат.

Кадамжай районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айдар Асамидинов эрте бышкан мөмө-жемиштерди сыртка экспорттоо жолун сүйлөшүп жатышканын билдирди.

Анын айтымында, Кадамжай районунда 7 миң гектардан ашык жердин 450 гектарында гилас, 350 гектарында өрүк өсөт. Апрель айындагы үшүктөн бактар зыян тартканы менен түшүмдүүлүгү жакшы.

«Базарда гиластын орточо баасы 120 сомдон сатылууда. Казакстан, Россия мамлекеттерине экспорттоо жолдорун пландап жатабыз. Кадамжай районунан жылына 700 млн сомдук гилас өндүрүлөт. Ал эми ак өрүк май айынын аягында толук бышып, базарларга сатыкка чыгат. Учурда 3 райондо 30 гектар жерге кулпунай өстүрүлүп, ал базарларда 120-130 сомдон сатылып жатат. Кадамжай районунун Үч-Коргон, Марказ, Майдан, Ак-Турпак, Халмион, Алга айыл өкмөттөрүндө мөмө-жемиштер эрте бышат», — деди Айдар Асамидинов.


Булак: Турмуш сайты