Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, жогорку жана орто окуу жайларында
квалификациялык иштерди жактоо (дипломдук иш) жана мамлекеттик
экзамендерди өткөрүү боюнча буйрук чыгарды.

Ага ылайык, коронавирус инфекциясына байланыштуу мамлекеттик
экзамендер жана бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоо (дипломдук
иш) окуу жайлар тарабынан онлайн жана аралыктан өткөрүлөт.
Салттуу мамлекеттик экзамендер маданият жана искусство, дене тарбия
жана спорт адистиктери боюнча, ошондой эле Ички иштер
министрлигинин Академиясынын бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулат.

Мында бүтүрүүчүлөр атайын даярдалган жадыбалдын негизинде тиешелүү
сантирадык талаптар аткарылгандан кийин окуу жайга келип тапшырышат.
2-курстун студенттери үчүн Кыргыз тили жана адабияты, Кыргызстан
географиясы жана Кыргызстан тарыхы дисциплиналары боюнча
мамлекеттик экзамен 2020-жылдын күзгү семестрине жылдырылды.
Ар бир окуу жайда мамлекеттик аттестациялык комиссия түзүлүп,
экзамендерди өткөрүү боюнча нускамалар даярдалат. Анда мамлекеттик
экзаменди өткөрүү технологиясы толук баяндалат.