Кытайдын Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө медициналык каражаттардан турган, жалпы суммасы 22 млн сомдук жүктү өткөрүп берди.

Жолугушууда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев элчи Ду Дэвэнге Кытай тараптан көрсөтүлүп жаткан колдоолор үчүн ыраазычылык билдирди. Аскер кызматкерлерине арналган коргоочу костюмдар, бет каптар, көз айнек, термометр, кол каптар Куралдуу күчтөрдүн мекемелерине бөлүштүрүлөт.

Булак: КТРК