Өлкөдө 1-июндан тартып санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү иштин бардык түрлөрүн жандандыруу максатка ылайыктуу экенин республикалык штаб билдирди.
Ошол эле учурда экономикалык иш-аракеттердин төмөнкү түрлөрү боюнча айрым чектөөлөрдү калтыруу сунушталууда. Алар:
- маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;
- көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү;
- балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү;
- интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;
- мектепке чейинки билим берүү жаатындагы уюмдардын ишмердүүлүгү.