Текшерүү иштеринин жүрүшүндө буга чейин кайрылуу жасаган адамдарды эч ким кечирим суроого мажбурлабаганы аныкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин бүгүн, 19-майдагы жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине интернетте жалган маалымат таратуу боюнча 95 факт катталды.

«95 адамдын ичинен 26 адам кечирим сурап, кайрылуу жасады. Текшерүүнүн жүрүшүндө аларды кечирим суроого эч ким мажбурлабаганы такталды», — деди башкы прокурор депутат Кенжебек Бокоевдин суроосуна жооп берип жатып.