Нарында мекеме жетекчилерине коронавирус илдетинин мындан ары жайылып кетишин токтотуу боюнча күчөтүлгөн тартипте тапшырмалар берилди. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

19-майда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өткөрүлгөн облустук штабдын отурумунда Эмилбек Алымкулов эки айдан бери жасалып аткан аракеттерге карабай коронавирус илдетин жуктургандардын саны көбөйүп, Нарын шаарында, Нарын жана Ак-Талаа райондорунда жаңы учурлар чыгып жатканын айтты. Ооругандар менен байланышта болгон адамдар жакшы иликтенбей калгандыктан Нарын облустук төрөт бөлүмүндө кемчиликке жол берилгенин, бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен атайын комиссия териштирүү ишин жүргүзүп жатканын, оорунун жайылышына жол берген кызматкерлер мыйзам чегинде жоопко тартылаарын билдирди.

Ошондой эле акыркы мезгилде вирус жуктургандар менен түз жана кыйыр байланышы бар 700дөн ашык адамдан ПЦР анализдер алынып, оору чыккан мекемелер дезинфекцияланып, ооруну курчоого алуу боюнча тиешелүү бардык чаралар көрүлүп жатканын, азыркы максат элдин арасына жайылып кетишин токтотуу экендигин баса белгиледи.

Ар бир мекемеде кызматкерлер үчүн коопсуздук чаралары көрүлүүсү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүсү зарылдыгын, санитардык-карантиндик посттордун ишин кайра күчөтүү, мобилдик топтордун ишин жандандыруу, элдин агымын азайтуу максатында көчмө дүкөндөрдү уюштуруу керектигин мекеме жетекчилерине жана штабдын мүчөлөрүнө милдеттендирди.

Бардык мекеме-уюмдар, банктар, элди тейлөө ишканалары атайын түзүлгөн комиссия тарабынан байма-бай текшерилээрин айтып, коопсуздук эрежелерин сактабаган мекемелерге чара көрүлөөрүн жана жабылаарын эскертти. Ошондой эле биргелешкен аракет жана тартип менен ооруну жеңүүгө чакырды.

Штабдын отурумунда Нарын облусунун прокурору Бактыбек Кетиренов Нарын облустук төрөт бөлүмүндө массалык илдетке чалдыгуу боюнча жана Ат-Башы районундагы эпидемиологиялык эрежени бузуу фактылары боюнча кылмыш иши козголгондугун, тергөө иштеринин жыйынтыгы менен укуктук баа берилээрин билдирди. Ошондой эле Бишкектен Ат-Башыга келаткан коронавирус менен ооруган адамдарды посттон өткөрүп жиберген жана Ат-Башынын Чар аймагындагы тартип бузуу фактысы боюнча да милицияларга жана аскер адамдарына мыйзам чегинде баа берилээрин маалымдады.

Булак: Коомпресс