Германия канцлери Ангела Меркель менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон коронавирус пандемиясынын фонунда Европаны сактап калуу планын даярдап чыгышты. Биргелешкен бул демилге европалык экономиканы калыбына келтирүү үчүн жалпы көлөмү 500 миллиард евродон турган фонд түзүүнү көздөйт. Бул тууралуу Spiegel басылмасы билдирген.

Фонддун негизги максаты болуп ЕБ бюджетиндеги каражаттардын эсебинен экономиканын алда канча жабыр тарткан секторлоруна колдоо көрсөтүү саналат. Ошону менен бирге, эң алгач экология жана санариптик технологияларды өнүктүрүү маселелерине дагы инвестициялар жумшалуусу зарыл.

Меркельдин айтуусу боюнча Франция менен Германиянын бул өңдүү бирдиктүү аракети учурдагы кырдаалга жараша олку-солку болуп жаткан ЕБ ичиндеги биримдикти сактап калат. 

Белгилей кетсек, апрель айынын аягында Европалык комиссия Европа Биримдигин экономикалык кризистен алып чыгуу боюнча дагы эки триллион еврого план даярдаган.