Америкалык Moderna аттуу биотехнологиялык компания коронавируска каршы вакцинага клиникалык сыноо өткөрүүнүн биринчи фазасы ийгиликтүү аяктагандыгын жар салды. Препаратты сыноо иштери апрель айында башталган жана ага бир нече ыктыярчылар тартылышкан.

Moderna компаниясынын билдирүүсү боюнча mRNA-1273 вакцинасын кабыл алуудан кийин сыноодон өтүп жатышкан адамдардагы антителалардын саны препараттын дозасына жараша тиешелүү көрсөткүчтөрдөн же ашып кеткен же мурдагы көлөмүндө калган.

 Белгилей кетсек, баштапкы стадияда mRNA-1273 вакцинасынын коопсуз экендиги аныкталган, башкача айтканда ал кандайдыр бир кошумча ооруларды жараткан эмес. Буга ылайык, аталган компания акыркы же болбосо  корутунду стадиясыниюль айында баштаары белгилүү болду.