Пандемия элдин көз карашы менен бирге көптөгөн нерселерди өзгөрттү. Маселен, көптөгөн шаарларда кылмыштуулук азайып, анын кесепетинен улам жабыркагандарды көчөлөрдөн көрүүгө болбой калды.

Ошентсе да, 55 миң кызматкерден турган Нью-Йорк полициясынын жетекчилиги корантинден кийин кылмыштуулук саны эки эсеге өсүшү мүмкүн деп эсептейт. 

Ал эми анын башчысы Дермот Шей Wall Street Journal гезитине берген маегинде Американын түрмөлөрүнөн чыгып жатышкан миңдеген кылмышкерден улам кылмыштуулук саны сөзсүз өсөөрүн белгилейт.

Мисалы, Нью-Йорк шаарынын өзүндө эле камакта отурган 1600 кылмышкер  пандемиядан улам эркиндикке коёо жиберилери менен мурда кылып келген көнүмүш адатына кайтып барган. Мунун натыйжасында 50 кылмышкер кайрадан камакка алынган.

Белгилей кетсек, буга чейин Лос-Анджелес түрмөсүндө өз мөөнөтүн өтөп жатышкан кылмышкерлер  бири-бирине вирус жуктуруп, мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгуу максаты менен кайнатылган сууну бир идиштен ичип жаткандыгы тууралуу кадрлар социалдык тармактарга жайылып кеткен.