Коом

Трамп Конгресс спикерин келесоо деп тилдеди

АКШ президенти Дональд Трамп Конгресс өкүлдөрүнүн Палатасынын спикери Нэнси Пелоси менен кайым айтышып кетип, аны «Келесоо!» — деп атады.

«Нэнси Пелоси – оорукчан аял, анын мээсин текшертүү зарыл», — деп кошумчалаган Трамп.

Эске сала кетсек, кечээ күнү Трамп коронавируска каршы күн сайын гидроксихлорин деп аталган дарыны ичип жаткандыгын айткандан кийин Пелоси «Чоң эле адамдын, болгондо да саясатчынын бул өңдүү билдирүүсү акылга сыйбай турган иш» экендигин айтып чыккан.

Журналисттерге берген жообунда Трамп аталган безгекке (малярияга) каршы препаратты ага врач жазып бергендигин жана Пелосиге ал жагабы-жакпайбы кабыл ала берээрин, ал тургай аны башка адамдарга дагы сунуштай тургандыгын билдирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button