Венгрия Парламенти трансгендер эркектер менен аялдардын расмий документте көрсөтүлгөн жынысын өзгөртүүгө тыюу салды

Фидес оңчул партиясы тарабынан сунушталган Мыйзам долбооруна 133 депутат «макул» жана 57 депутат «каршы» добуш берген. Мыйзамга ылайык мындан ары туулгандыгы, никеге тургандыгы жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдөгү «жынысы» деген жердин ордуна «туулгандагы жынысы» деген термин кирет.

Мыйзам күчүнө кирери менен бийлик жынысын өзгөртүү тууралуу  Венгрия жарандарды тарабынан  акыркы үч жыл ичинде берилген арыздарды кароодон баш тартат. Ошол эле учурда укук коргоочулар жынысты өзгөртүү 2018-жылдан тартып эле мүмкүн болбой калгандыгын, мунун натыйжасында сотко кайрылуулардын саны кескин өскөндүгүн, ошондой эле мунун  өзү адам укугун көз көрүнө тебелөө деген кыязда каршы пикирлерин билдиришүүдө.