Кипр мамлекети 15-июндан тартып туристтерди кабыл аларын Кипрдин туризм министри билдирген. Бул тууралуу, чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүүлөр коронавирус пандемиясынын шарттарындагы бардык талаптарга жооп берет. Коопсуздукту камсыз кылуу менен иштөө туризмдин 30 пайызын кайра калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн министр билдирген деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, Кипр 4-майдан тартып өлкөдөгү чектөөлөрдү акырындык менен ала баштаган. Азыркы тапта, Кипрде вирус менен ооругандардын жалпы саны 918ге жетсе, анын 515и айыгып чыгып, 17 бейтап көз жумган.