Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 19-майдагы маалыматына ылайык, өлкөдө соңку бир сутка ичинде 207 адам коронавирус жугузуп алганы ырасталды. Натыйжада илдетке чалдыккандардын жалпы саны 1936 кишиге жетти. Соңку 24 сааттын ичинде COVID-19 илдетинен кайтыш болгондор катталган жок. Бирок тажик бийлиги коронавирус бар экенин ырастаган акыркы 20 күндүн ичинде 41 киши бул илдеттен кайтыш болду.

Эске салсак, Тажик бийлиги өлкөдө вирус жок экенин айтып, өзгөчө кырдаал кечеңдеп киргизилген. Ал эми айрым көз каранды эмес адистер, расмий бийлик вирустан көз жумгандарды так айтпай жатат деп күнөөлөп жатат. Өлкөдөгү социалдык тармактарда илдеттен 270 киши каза болгону кабарланууда.