Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин деңгээлинде өткөн жыйынында коронавирус пандемиясына карата дүйнө өлкөлөрүндө көрүлүп жаткан чараларды кылдат иликтөө зарылдыгы боюнча резолюция кабыл алынды.

Резолюциянын долбоорун Евробиримдик сунуштап, аны 100дөн ашуун өлкө, анын ичинде Кытай жана Орусия дагы колдоду. Документ добушка коюлбастан эле кабыл алынды, АКШ баштаган бир дагы өлкө ага каршы болгон жок.

Документте коронавирустун жайылышына карата эл аралык реакцияны калыс, көз карандысыз жана ар тараптуу баалоо чакырыктары камтылган. Ошол эле маалда анда вирустун пайда болушун аныктоо жөнүндө сөз жок: Кытай вирус жайылган биринчи өлкө катары баса белгиленген эмес.

ДССУнун жыйыны видеоконференция форматында өттү.

19-майда АКШнын президенти Дональд Трамп ДССУ 30 күндүн ичинде ишин жакшыртууга милдеттенме албаса, бул уюмду каржылоону биротоло токтотуп коёрун эскерткен.

Ал ДССУну «былтыр декабрь айында Кытайдын Ухань аймагынан вирус тарап жатканы тууралуу маалыматтарды көз жаздымда калтырган» деп айыптап, уюм Бээжинден өз алдынчалыгын көрсөтүшү керек экенин билдирүүдө.

Булак: Кабар МА