-Султан Жоошбаевич, Кыргыз Республикасында киргизилген Өзгөчө кырдаал менен Өзгөчө абал маалында милициянын иши жөнүндө өз оюңузду айта кетсеңиз?

-Мен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы катары мурда пандемияга байланышкан учурлар болбогондугун айткым келет. Бирок, буга карабастан Кыргыз милициясынын өздүк курамы коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча өз милдеттерин так жана жогорку деңгээлде аткарды деп эсептейм. Бул маалда милиция кызматкерлери тарабынан тартипти бузган чанда гана учурлар катталбаса, жалпысынан алганда милиция өз милдеттерин так жана абийирдүү аткара алышты. Ал эми тартипсиз кызматкерлер тартиптик негизде тиешелүү жазаларын алышты. Жалпысынан алганда милициянын биримдикте жана чыдамкайлык менен иштөөсүнө министр Кашкар Джунушалиевдин, өзгөчө кырдаал киргизилген аймактардын коменданттарынын эмгеги чоң экендигин белгилеп кетким келет. Милиция кызматкерлери медиктердей эле вирус менен күрөшүүдө көптөгөн адамдар менен байланышууга туура келгендиктен, бүгүнкү күнү жалпы республика боюнча кыркттан ашуун кызматкерге коронавирус илдети жуккан. Бардыгы сакайып, үй-бүлөлөрүнө аман-эсен барат деген ишеничтемин. Алардын баарына бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалайм. Бул жыл милиция кызматкерлери үчүн оор жана түйшүктүү болду. Министрден баштап катардагы кызматкерлерге чейин күн-түн дебей, оорчулукка карабастан, ден соолугун тобокелчиликке салып, алпурушуп иштешти. Ошондуктан, Кыргыз милициясы өлкөнүн башына түшкөн оор күндөрдө абийири менен алдына коюлган милдеттерди аткарууга жетишти.

-Милициянын ардагерлери жаш кызматкерлерге аталык камкордугун көрсөтүп жаткандыгы жөнүндө сөз салсаңыз?

— Башында өзгөчө кырдаал жарыяланган учурда ИИМдин Борбордук аппаратынын ардагерлер кеңеши акча каражатын чогултушуп, Бишкектеги посттордо турган катардагы кызматкерлерге бет каптарды таратышкан. Өзгөчө кырдаалдын алгачкы күндөрүндө ЖКККББнын ардагерлер кеңеши кызматкерлерге ысык тамак уюштурушса, Чүй районунун ардагерлери жана республика боюнча ИИОнун ардагерлери сыртта карап турбастан, бет кап, коргонуучу кийимдер менен камсыздоого көмөк көрсөтүштү. Башкача айтканда, ардагерлер жаш кызматкерлерге аталык камкордугун көрсөттү. Ал эми, милициянын улгайган ардагерлерине болсо, материалдык жардамдар көрсөтүлүп, азык-түлүк менен камсыздалышты. Бул иш бүгүнкү күнү дагы жүрүүдө. Ардагерлер кеңеши демөөрчүлөрдү таап, кызматкерлерге жардам беришүүдө. Андан сырткары, 15-май ИИМде Курман болгон кызматкерлерди эскерүү күнү катары эсептелгендиктен, кызмат учурунда курман болгон жолдошторун эскерүү иш-чарасы өттү. Курман болгон кызматкерлердин жесирлерине жана үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул камкордук бир жылда бир гана жолу ишке ашпастан, турмуштагы көйгөйлөрүн чечүүгө, балдарына болсо окуу жайларга тапшырууга жана жумушка орношууга ар убак жардам берилип келет. Бул ишке региондордогу милициянын ардагерлер кеңешинтери жигердүү катышууда.

-Бул оор кырдаалда жаш милиция кызматкерлерге эмнелерди каалап кетет элеңиз?

— Тартип сакчыларынын жаш муунуна коомдук коопсуздукту жана жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча кызматтык милдеттерин намыстуулук менен аткарууларын каалап кетмекчимин. ИИОнун жаш кызматкерлери Мыйзам жөнүндө ар дайым эстеп жүрөт деген үмүтүм бар. Биздин мол тажрыйба жана көп жылдар бою топтолгон жөндөмүбүз алардын профессионалдык жактан калыптануусуна турткү берет деп ойлойм. Милиция кызматкери — бул жөн гана кесип эмес, негизинен алганда бул — тагдыр. Мыйзамга кызмат кылган адамдын тагдыры – кандай гана учурлар болбосун, ар дайым ким жардамга муктаж болсо, ага кол сунуп жардамын аябай, билими, жөндөмү жана сөзү менен иши төп келгендер деп эсептейм. Милиция кызматкери үчүн бөтөн кырсык болбойт, бөтөн жаран дагы жок. Ал кыргыз элин коргойм деп жолдошторунун бет маңдайында ант берген. Коомчулуктун алдында жогорку жоопкерчиликти сезе билүү, кызматтын бардык түйшүгүн жана ооорчулугун көтөрө билүү милициянын эң башкы сапаттарынын бири десем жаңылышпайм. Ар бир кызматкер кызматында бул сапаттарды ар убак тарбиялоо керек. Мыйзамды коргоо үчүн турган адам аны менен өзгөчө мамиледе турат: башкаларга уруксат берилген нерселер, кызматкерге эч качан уруксат берилбейт.

Милиция – бул коомдогу маанилүү кесиптердин бири гана эмес, ал үйдө, көчөдө, шаарда жана өлкөдө тартип менен мыйзамдуулук кармалып турган туруктуу күч. Бул жөнүндө ал ар дайым эстеп жүрүү менен өзүнүн жогорку миссиясы менен сыймыктаныш керек. Андан сырткары, өзүнүн өмүрүн, ден соолугун, балдарынын жана улгайган адамдардын жашоосун, биздин өлкөнүн тагдырын ишенип берген миллиондогон адамдардын алдында кесиптик жана моралдык милдетинди аткаруусу зарыл.

Эгерде, күмөн ойлор же көйгөйлөр болсо, бизге кайрылгыла. Биз ар дайым жаныңардабыз.

ИИМдин басма сөз кызматы