КР өкмөтүнүн буйругу менен өзгөчө кырдаалдын/өзгөчө абалдын режими жокко чыгарылган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин документтерди талап кылуусуз төмөнкүлөрдүн мөөнөттөрү узартылгандыгын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

– “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жөлөкпулдар дайындалган адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнүн;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө” токтомуна ылайык жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация алуучу адамдарга жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөөнүн;

– майыптыгы боюнча пенсия алуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга пенсияларды төлөп берүүнүн;

– дайыма кароого жана көзөмөлгө муктаж ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген баланы багуу боюнча жеке ассистенттердин кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимдердин колдонулушу;

– маалым каттын колдонуу мөөнөтү токтотула тургандыгы белгиленген күнгө карата майыптыгынын тобун өзгөртпөстөн, өтүп кеткен мөөнөттү андан ары эсептөө менен, аймактык (райондор аралык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын майыптуулукту белгилеген маалым каттарынын, ошондой эле кезектеги кайра күбөлөндүрүүнүн колдонулушу;

– дайыма кароого жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген баланы багуу боюнча жеке ассистенттерге милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча ыктыярдуу патенттин жана камсыздандыруу полистеринин жарактуулук мөөнөтү;

– баланы (балдарды) багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берүү жөнүндө келишимдердин колдонулушу;

– багып алган балдарга кам көрүүгө финансы каражаттарын, ошондой эле багып алуучу ата-энелердин эмгек акысын төлөп берүүнүн;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилген санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолордун колдонулушу;

– жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуучу жарандарга жумуш издөө жөнүндө маалыматтарды талап кылбастан, жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөп берүүнүн.

Бул чара COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал шартында социалдык туруктуулукту камсыз кылуу жана калктын социалдык аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.