Коом

Коронавирус жолобой турган да адамдар бар

АКШ менен Швейцариянын окумуштуулар тобу COVID-19га оңой менен кабылбаган адамдар бар экенин аныктап чыккан. Бул туурасында Nature журналы жазган.

Аларды маалыматына караганда,  2003-жылы А тибиндеги вирус менен ооругандар коронавирустун жаңы түрүнө  багынбай турганын айтышты.

Иликтөө учурунда  SARS-CoV жуктуруп, курч респиратордук белгилер байкалгандар антителаларды иштеп чыгары белгилүү болгон. А бул коронавирустун клетканын үстүндөгү рецепторлору менен байланышына жооп берген процесс экендигин айтышты. Мындай антителалардын көп түрдүүлүгү SARS-CoV2ни алсыраткан күчкө ээ.

Окумуштуулар мындай көп түрдүү антителаларды иликтеп, ар тараптан үйрөнүп жасалган дары-дармектер COVID-19дун оор түрүн дарылаганга колдоноорун билдиришкен.  Андан сырткары, тобокел тобуна киргендердин ооруга чалдыгышынын алдын алуу иштеринде колдонулат.

Булак: Спутник сайты

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button